Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Конуш же орун которуу үчүн бир жерден экинчи жерге карай жүктөрү менен жөнөө, жол тартуу, барып орношуу. Жайлоонун чөбү саргарып, малдан сүт байыган кезде, айлыбыз менен күңгөйгө көчтүк (Сасыкбаев). 2. Бир жерден экинчи жерге которулуу, жылуу. Сур булуттар ары бери көчүп, алда кайда кетип жатты (Жантөшев). 3. Кулап, урап кетүү, жемирилип, урап отуруп, мурдагы калыбында болбой калуу. Ат кепенин аркасы көчүп кетиптир (Касымбеков). Жамгыр тийбей көчкүдөй Ак топурак жар беле (Токтогул). 4. Жүрүү, ордунан жылдыруу (шахмат, шашка, тогуз коргол оюндарында фигураны, ташты бир клеткадан же бир уядан экинчисине жүрүүгө карата айтылат). 5. Класстын, курстун ж. б. кийинкисине, жогоркусуна карай өтүү. Динаржан, сен күздө бешинчи класска гана көчөсүң (Сыдыкбеков). 6. Мурдагыдан башкача болуп өзгөрүү, башкага айланып кетүү. Мына, иш чынына көчө турган болду (Каимов).